“Жардам беруу оной”

ТУУРА ТАМАКТАНУУ – РАКТЫ ЖЕҢИП ЧЫГУУ — дейт Крымдын башкы диетологу, профессор Людмила Семенова. Онкологиялык оорулуулар үчүн универсалдуу диета жок. Бирок, ракка каршы күрөшүп жаткандардын бардыгы кармана турган тамактануунун бир нече негизги эрежеси бар.Союздаштар жана каршылаштар

Иммундук системаны колдоо, токсиндерди чыгаруу жана рак клеткаларынын өсүшүнө каршы күрөшүү – онкологиялык оорудан дарыланып жаткан адамдын тамактануусу түздөн-түз байланыштуу болгон үч милдет мына ушул. Бул күрөштө анын союздаштары да, каршылаштары да бар. Алсак, тамактын рационунан консерванттарды, химиялык кошулмаларды, боегучтарды камтыгандар толук чыгарылышы керек. Ага колбасалар, таттуу газдалган суулар, “дүкөндүн” жарым фабрикаттары кирет. Өсүмдүктөр майына өтө аяр мамиле кылуу керек: күнүнө даяр тамактарда 5 г ашпаган майды (эч качан термикалык жактан иштетилген майды колдонууга болбойт) колдонуу сунуш кылынат. Көп санда канцерогендик заттардан турган шорподон баш тарткан жакшы. Ракка каршы күрөшүп жаткан адамга чийки тамактар менен азыктануу сыяктуу экстремалдык система таптакыр болбойт.Ошондой эле ачка болууга жана тамакты өтө чектөөгө да болбойт.

“Союздаштардын”, башкача айтканда оорулуу клеткалардын өсүшүн токтоткон азыктардын арасынан эң оболу сабизди бөлүп көрсөтүү керек (бул жашылчадан каймак жана бал менен аралаштырып жасалган салат — онкологиялык оорулуу адам үчүн номер биринчи тамак). Андай кийин рейтинг боюнча – кызылча турат. Сарымсак жана пияз сыяктуу “иммундук” азыктар жөнүндө да эстен чыгарбоо керек. Рациондо милдеттүү түрдө ашкабак, каймак, ынак сүт болууга тийиш. Дагы бир алмашылгыс азык – бул капуста. Ал витаминдерге, минералдык заттарга жана клетчаткага өтө бай келет. Капустадагы калий менен магний, жаман оорунун шишигинин пайда болушун тосот. Мөмөлөрдүн ичинен кара жүзүмдү бөлүп көрсөтүүгө болот (данектери жок болсо мейли, бирок кабыгы болушу керек, анткени анда пайдалуу заттар өтө көп). Бирок жүзүм ашказандын, боордун жана көк боордун, ичеги-карындын ооруларында болбой тургандыгын эстен чыгарбоо керек. Рактан дарыланып жаткан адамдын рационунда жумуртка, сүт азыктары, балык көп болууга тийиш, ал эми этке көп күч келтирбөө керек, бирок андан таптакыр баш тартып коюуга болбойт. Андай оорулуулар үчүн боор өтө пайдалуу, аны каймакка аралаштырып бууга бышыруу керек.

Кууруп эмес, кайнатып бышыруу … Кантип туура даярдоо керек?

Тамакты даярдоо ыкмалары жөнүндө өзүнчө жазуу керек, анткени адам кандай азыктарды керектөөсү гана эмес, ошондой эле аларды кантип даярдоо керектиги өтө маанилүү. Тамакты демдеп, духовкада, бууга бышыруу жана кайнатуу керек. Ал эми куурулган тамактан баш тартууга туура келет.

Эгерде оору ичеги-карын трактын каптап кетсе майдаланган азыктарды, запеканкаларды, кнелди, суфлени, пудингдерди, пюре, пиктин пюресин колдонгон жакшы. Пиктин пюреси мындай даярдалат: бышырылган алманы, ашкабакты жана кызылчаны аралаштыргыч менен жакшылап аралаштырылат. Андан ары ичегинин кыймыл- аракетине жараша болот: эгерде ичеги тез иштесе, анда бышырылган бихи, эгерде жай иштесе – шабдаалы, апельсин, грейпфрут, абрикос, кара өрүк кошуу керек. Мына ушундай пюре шишикке каршы аракеттенип, токсиндерди жакшы чыгарып жана ичегинин жакшы иштешине дем берет.

Тамактануу режими шишикти локализациялоого жараша болот. Эгереде бул ичеги-карын тракты болсо, анда тамакты аз-аздан ар бир эки саатта ичип туруу керек. Башка учурларда 3 жолу тамактануу толук жетиштүү болот. Тамактануунун өзгөчө режими жок. Ар ким өзү көнүп калган тамактануу графигин кармай алат.

Ден соолук үчүн суу ичип туруу керек.

Эң башкы эреже – күнүнө 2 литрге чейин булактын же чыпкаланган суу ичип туруу керек. Сууну мынчалык көп ичүү боор менен бөйрөккө отуруп калган токсиндерди чыгаруу үчүн керек. Ар кандай мөмө-жемиштерден: бүлдүркөн, малина, кара караган, чычырганактын ашынан жасалган шербет өтө пайдалуу (кургатылган кулпунайды, бүлдүркөндү, жапайы жана бакча алмаларын, алчаны, жапайы кара өрүктү пайдалануу сунуш кылынат). Накта ширелерди да эстен чыгарбоо керек, аларды жарым-жартылай суу менен аралаштыруу зарыл. Кайыңдын бүчүрүн, жалбыз, мелисса, каакым кошулган чөп чайлары тынчытуу таасирине ээ. Чөптүн, ромашканын кайнатмасы, жемиш суусундуктары, жашылчанын жаңы сыгылган ширеси да сунуш кылынат. Кофе, пасталанган жана жасалма мөмө ширелерин колдонууга болбойт.

Жакшы маанайдын сакчылыгында.

Депрессия жана уйкусуроо – химия терапиянын кошумча эффекттери. Аны менен туура тамактануу аркылуу күрөшүүгө болот. Эң биринчиден, өз рационуңа бал аралаштырылган сүттү кошуу керек. Мындай тынчтандыруучу коктейлди түн ичинде ичүү керек жана уйку бейкут жана узак болот. Жалбыз жана мелисса кошулган чай да жакшы жардам берет. Таттуулардан баш тартууга болбойт, бирогк аларды туура тандоо керек: ага бал, кыям, джем, пастила, халва, кургатылган өрүк, жүзүм, инжир кирет. Людмила Семенова аз санда кызыл кургак шарапты жана кагорду (кургакк шарап күнүнө 300 г чейин, б.а. тамактын алдында 100 тг, жана кагорду бир күндө үч жолу 30 г) сунуш кылат. Кызыл шарап — күчтүү антиоксидант, ал рак клеткаларынын өсүшүн жана көбөйүшүн токтотот. Ошондой эле шарап мээнин депрессия үчүн жооп берген борборун тосот. Ошондой эле ал табитти ачат.

Диетологдон дагы бир кеңеш: сүйүктүү тамактан баш тартпоо керек. Эгерде ал туура тамактануу эрежелерине карама-каршы келсе аны жөн гана башкача даярдоо керек.

Диеталык палоо. Эт куурулбайт, ал сабиз жана пияз менен бирге салынып кайнак суу куюлат жана атайын татымдар менен узак убакыт демделет, андан кийин күрүч салынат жана суу куюлат. Ал жуулган май кошуу менен майсыз даярдалат.

Диеталык борщ. Куурулбастан томат паста кошулуп кайнатылат. Кызыл кызылчанын ширеси менен кызартылат. Кызылча куурулбайт, анын бир бөлүгү чийки салынат жана кайнатылат, калган бөлүгү бышырылып же демделип салынат. Томат пастанын ордуна лимон ширеси кошулат.

Капустадан жасалган запеканка. Капуста майда тууралып, демделет, суусу куюп алынат жана 50 г дароо ичилет. Капустадан запеканка жасалып, ал күн ичинде желет, ал төмөнкүдөй аралашма менен ичилет: 1 бөлүгү кизилден, 3 бөлүгү ит мурундан, 2 бөлүк бүлдүркөндөн, 1 бөлүгү каакымдан турат. ган. Бир аш кашык аралашмага 150 мл кайнак суу куюлат жана суунун ичине 10 минута кармалып, 4 саат суутулат. Бир күн бою запеканка ушундай кайнатма менен ичилет.

Лайкопения учурундагы диета организмди гемоглабинди синтездөө, кан элементтеринин стромасынын тузүү, кан клеткаларын дифференциялоо жана алардын толук жетилүү процессине катышкан заттар менен камсыздоого багытталган. Демек, кан жаңылануусун токтоотуучу компоненттерди камтыган азык-түлүктөр тамактануу рационунан чыгарылат. Аларга коргошун, алюминий, жана кабальта камтыган азык-түлүктөр кирет. Бул заттардын таасири менен эритропоэздин жана лейкопоэздин фазалары жапа чегет.

Лейкопения учурундагы диетада аминокислота жана витаминдерди тамактануу рационуна кошуу сунушталат. Биринчиден эле сөзсүз түрдө лизин, холин, триптофан, тирозин, лецитин жана метионинди кабыл алууга көңүл буруу зарыл. Аскорбин жана фолиев кислоталары өтө маанилүү орунду ээлейт.

Лейкопения учурундагы диетада жаныбарлардын майын, боор этин, бөйрөктөрүн жана этин кабыл алууну кыскартуу сунушталат. Мындай абалда белокту соя азыктарынан алуу туура болот. Тамак даярдоодо өсүмдүк майларын колдонуу сунушталат.

Биринчиден, жашылча-чөп, жер жемиш жана мөмө-жемиштери сыяктуу натуралдык азыктарды жеш керек. Балыктын ар кайсы түрү тамактануу рационуна туура келет. Тамактануу рационунун негизин төмөнкүлөр түзүүсү шарт:

• Сүттүн, жеңил шорпонун же жер-жемиш кайнатмасынын негизинде жасалган биринчи тамактар

• Мөмө, жер жемиш жана жашылча жемиштердин негизинде даярдалган желе, ширелер, кисель жана компоттор

• Сүт азыктары: айран, кефир, сүт, ж.б.у.с.

• Котлета, фрикаделька, тефтели жана майсыз эт

• Чектелген өлчөмдө жаныбардын ички органдарынан жасалган тамактар

• Өсүмдүк майы жана каймак майы

• Мөмө жана жашылча жемиштер

• Ак жана кара сорттогу нан азыктары

• Ит мурун маңызы

• Акталган таруудан жасалган пудинг

• Балыктан жасалган тамактар

• Ачыткы

• Ботко

Химиялык курамы жана тамактануу режими.

Лейкопения учурундагы диетада тамактануу рационунун химиялык курамын төмөндөгүчө бөлүштүрүү сунушталат:

— 300гр углевод

— 150гр белок

— 90гр май

Күндүзгү тамактануу рационунун калориялуулугу 3000ккал, ал эми тамакты каалаган бышыруу жолу даярдоого болот. Тамактануу күнүнө 5-6 жолку азыктанууну камтыйт.

Лейкопения учурундагы диета дарыгер дайындаган дарылануунун таасирин күчөтөт. Диета тамактануу рационуна олуттуу чектөө киргизбейт, тескерисинче, азыктандыруучу заттардын балансынын организимге жеткиликтүү денгээлде келүүсүн көзөмөлдөйт.

Химиялык терапиядан кийинки организимге табигый жамдам көрсөтүү.

Онкологиялык оорулардан даарылануунун терс кесепеттеринен тезирээк арылуу үчүн калыбына келтирүүчү дарылоо курсунан өтүү зарыл. Ал бир айга созулуп, зыгыр уруктарынын кайнатмасынын жардамы менен өткөрүлөт. Зыгыр уруктары организимден ар түрдүү уулуу заттарды чыгаруучу өзгөчө мүнөзгө ээ.

— Зыгыр кайнатмасын даярдоо үчүн 2л кайнатылган сууга 4 ашкана кашыгы зыгыр уругу салынат. Аны 2 саат бою суу буусунда жылытуу зарыл. Күн сайын кааланган өлчөмдө күндүн экинчи жарымында ичүү зарыл.

Калыбына келтирүү убактысы аяктагандан кийин, өткөөл учур келет. Бир ай бою майоран (душица) маңызын жана сулунун кайнатмасын ичүү зарыл. Майоран маңызынын жасалышы оор эмес. Ал эми сулунун кайнатмасы үчүн төмөнкү рецептти колдонуу зарыл:

— Сулу кабыгы менен кошо, тазаланбаган, бирок таза жуулган болуусу шарт. Мискейдин төрттөн бир бөлүгү сулу менен толтурулуп, калганы суу менен толтурулат. Түнү менен турат да, жай отко 30 мүнөт кайнатылат. Күн бою каалаган өлчөмдө ичүүгө болот.

Ушу менен эле лейкопениянын элдик дарылоо жолу чектелип калбайт. Эгерде канда лейкоциттердин саны аз болсо, ар күнү таң эрте өсүмдүк майы же каймак менен аралаштырылган, майдаланган сабизди жеген сунушталат. Күн бою кашка беденин жарым стакан маңызын ичуу керек. Тазаланбаган сулу данынан жасалган сүт киселм кандагы лейкоцитти көбөйтөт. Аны даярдоо үчүн ар кайсы мискей жарымына чейин дан менен толтурулуп, устуно сүт куюлуп, жай отко 20мүнөт кайнатылат. Даяр болгон киселди суу ордуна ичүүгө болот.

Туура тамактануу-дарылоонун негизи.

Оорулуу туура тамактануу, сак-саламаттуу жашоо образын алып баруу жана дарыгердин жазма эскертүүлөрүн аткаруу менен дарыгерлерге жардам берүүсү керек. Лейкопения учурундагы тамактануу баланстуу болуусу шарт. Тамактануу рационунда чучуктун гемопоэтикалык функциясын жогорулатуучу азык-түлүктөр болуусу керек. Мидия, устрица жана башка деңиз азыктары абдан пайдалуу. Алардын курамында көп өлчөмдө B группасындагы витаминдер, жез жана аминокислота бар. Үстөлдө дайымра жашылчал-чөптөр (шпинат, спаржа, сельдерей), брюссел капустасы жана брокколи болушу шарт. Сыр жана сүт азыктарын сөзсүз түрдө тамактануу рационуна кошуу керек. Кызылча, ашкабак, нокот жана төө буурчактан жасалган тамактарды жеген сунушталат. Булар фолиев кислотасынын булагы болуп эсептлет. Майлуу балык, эт, боор этин жана бөйрөктү жебей туруу керек. Коёндун жана үндүктүн этин жегенге уруксат берилет жана треска балыктарынын боор эти пайдалуу.

“Жардам беруу оной”