Госпиталдык мектептин көйгөйү Билим берүү жана илим министрлигинде талкууланды

Бишкекте 13-декабрь күнү өткөн “Жардам берүү оңой” фонду уюштурган “Билим берүү жана камкордук: Кыргызстандагы госпиталдык педагогика” аталышындагы форумдун алкагында Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева менен Орусиядагы “УчимЗнаем” долбоорунун негиздөөчүсү Сергей Шариков жана фонддун директору Ирина Ем, балдар укукгун коргоочу Назгүл Турдубекова жана госпиталдык мектептин мугалими Мира Асанбаевна менен жолугушуу болуп өттү.