Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен! С Днем Независимости Кыргызстана!

С 15 по 31 августа в Кыргызстане пройдет одно из крупнейших событий в сфере экотуризма — велогонка Silk Road Mountain Race

В гонке примут участие 270 велосипедистов из 41 страны преодолеют 1954 километра по маршруту от Оша до Каракола, проходящему через самые живописные и труднодоступные районы страны. Гонка проводится с 2018 года и стала символом приключенческого туризма в Кыргызской Республике. В этом году в мероприятии примут участие 13 кыргызстанцев — это рекорд за всю историю проведения гонки.

Велогонщики Патрик Майерле (Patrick Majerle), из г. Равенсбург, Германия, и Питер Бре (Peter Breh) из г. Уест-Честер, США посвящают свое участие онкобольным детям Кыргызстана.

Совместно с благотворительной организацией Umai — Hilfe für Kirgistan e.V», Штутгарт, Германия (сокращенно «Умай») и ОФ “Помогать Легко”, Кыргызстан мы хотим собрать деньги на медикаменты для онкобольных детей.
Приобретение и распределение лекарств запланированы в текущем 2025 году, сразу после завершения акции.

Это вторая акция с участием Патрика в велогонке “Шелковый путь”. В прошлом году в акции Патрика были собраны около 1 млн сомов и полностью переданы организацией “Умай” фонду “Помогать Легко” на оплату медикаментов для детей в Кыргызстане: https://www.facebook.com/groups/UmaiHelpForKG/permalink/10162022515348748/

Перед стартом велогонки запланировала встреча Патрика и Питера с детьми и родителями в г. Ош.

Любой, кто хочет поддержать кампанию, может сделать пожертвование на сайте
https://www.betterplace.org/en/fundraising-events/53478-patrick-peter-s-silk-road-mountain-race-for-kids-in-kyrgyzstan?utm_campaign=user_share&utm_medium=fepp_sticky&utm_source=Link

Заезд Silk Road Mountain Race начнется в г. Ош и закочится после 1.954 км в г. Каракол. Детали забега: https://www.themountainraces.cc/silk-road-mountain-race

Умай в Фейсбуке: https://www.facebook.com/groups/UmaiHelpForKG
Помогать Легко в Инстаграме: https://www.instagram.com/fond.pomogat.legko

Патрик будет делиться своим прогрессом в велогонке в своем Instagram-канале – https://www.instagram.com/patrick.majerle/(https://www.instagram.com/patrick.majerle/) .

Мастера компании Tumar запустили долгосрочную инициативу: они превращают детские рисунки в миниатюрные домики и передают 100 % выручки благотворительному фонду “Помогать легко» Наш фонд помогает детям с онкологическими заболеваниями в Кыргызстане получать качественное лечение и реабилитацию.

Большинство маленьких пациентов приезжает в Бишкек из отдалённых регионов. После 5–6 месяцев стационара им необходимо амбулаторное лечение, а значит — жильё рядом с больницей. Для многих семей такая аренда непосильна, но безопасный дом в этот период жизненно важен для продолжения выздоровления ребёнка.

Мы приглашаем всех присоединиться к движению и подарить этим смелым детям шанс вернуться домой здоровыми. Создавайте домики из любых материалов — игрушки, миниатюры, магнитики, подушки — главное, чтобы в каждом из них жила любовь. Проект открыт для всех и не ограничен по времени: каждый домик — кирпичик в большом Доме Надежды.

Элсом, Mbank, MegaPay +996 556 400400
PayPal: info@dutch-comfort.org
IGM: pomogat_legko_kg

13-декабрь күнү, Бишкекте “Жардам берүү оңой” фондунун он жылдыгына карата уюштурулган “Билим берүү жана камкордук: Кыргызстандагы госпиталдык педагогика” аталышындагы форум болуп өттү.

Бул Кыргызстандагы госпиталдык мектептердин абалын ачык айтып чыккан алгачкы форум болуп калды.

Форумда узак убакыт бою дарыланууга муктаж балдардын билим алуу сапатын жакшыртуудагы маселелер көтөрүлдү. Фонддун негиздөөчүсү Динара Аляева Кыргызстандагы госпиталдык мектептин жаралуу тарыхы, кыйынчылыктар, азыркы таптагы көйгөйлөр тууралуу айтып берди.

Өлкөдө госпиталдык оорукана алгачкы жолу 2018-жылы Бишкектеги Улуттук онкология жана гемотология борборунда ачылган.

“2018-жылы Москвадагы Дмитрий Рогачев атындагы Улуттук медициналык балдар онкология, гематология жана иммунология борборунун “УчимЗнаем” долбоору менен Кыргызстандагы Билим берүү жана илим министрлигинин ортосунда меморандум түзүлүп, алгачкы жолу биздин өлкөдө дагы госпиталдык мектеп ачылган. Мунун аркасы менен эле фонд өз күчү менен Оштогу балдар онкология ооруканасына дагы госпиталдык мектеп ача алды. Оштогу мугалимдерге айлык акыны фонд төлөп келет”, — деп кыскача токтолду фонддун негиздөөчүсү Динара Аляева.

Азыркы тапта госпиталдык мектепке мамлекет тараптан расмий статус бериле элек жана укуктук-нормативдик актылар иштелип чыга элек. Оштогу госпиталдык оорукананын мугалимдерине мамлекет тараптан айлык акы каралган эмес ошондой эле балдардын окуу куралдары дагы фонд жана ыктыярчылар, демөөрчүлөр тарабынан камсыздалып турат. Айрым учурда дарыгерлер тарабынан түшүнбөстүктөр пайда болуп, сабак өтүүгө толук кандуу мүмкүнчүлүк түзүлбөй калган учурлар дагы кездешет.

Форумда ушул көйгөлөр мугалимдер тарабынан тынымсыз айтылып турду.

Орусия жана КМШ өлкөлөрүндө госпиталдык ооруканалардын негиздөөчүсү, “УчимЗнаем” долбоорунун ээси Сергей Шариков өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп, көйгөйлөрдү чечүү жолдорун атап өттү.

“Мугалимдер бир гана предметтик сабак өтүү менен чектелбестен балдарга психолог дагы болуусу керек. Ошондой эле дарыгер менен мугалимдин ортосунда тыгыз кызматташтык — баланын өсүп-өнүгүүсүнө дагы түрткү болот. Биз сабактарга эми роботтехника, компьютердик программаларды дагы киргизип жатабыз. Силердин коңшу Өзбекстан өлкөсү жетинчи госпиталдык мектебин ачты. Алардын госпиталдык мектептердин шарттарын жакшыртты. Кыргызстандын балдарынын мындан эмнеси кем?”, — деген суроону койду Сергей Шариков.

Форумга катышкан Жогорку Кеңештин депутаты Эльдар Абакиров Кыргызстанда госпиталдык мектеп тууралуу буга чейин укпаганын айтып, мындан ары эл өкүлдүк милдетине ылайык, көйгөйлөрдү парламенттен көтөрүп турарын билдирди. Ошондой эле мугалимдерге жана фондго терең ыраазычылыгын билдирди.

Форумга госпиталдык мектептин мугалимдери, укук коргоочулар, Билим берүү жана илим министрлигинин жана Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун онколог-дарыгери катышты.

Жыйынтыгында айтылган көйгөйлөрдүн үстүнөн иштөө боюнча резолюция кабыл алынды.

Динара Аляева бул көйгөйлөрдү чечүү узак убакыт бою дарыланууга муктаж балдар үчүн абдан маанилүү экенин баса белгиледи.

“Бул көйгөйлөрдү чечүү — мен үчүн же фонд үчүн эмес, балдар үчүн абдан керек. Госпиталдык мектептин иши ордунан жыла башташ керек. Госпиталдык мектептин санын экиден дагы көбөйтүү керек. Госпиталдык мектепке расмий статус берилип, укуктук нормативдик акт кабыл алынса, биз көздөгөн максаттарыбыздын бирине жеткен болобуз”, — деп сөзүн жыйынтыктады “Жардам берүү оңой” фондунун негиздөөчүсү Динара Аляева.

“Жардам берүү оңой” фонду он жылдан бери рак менен ооруган балдарга ар тараптуу жардам көрсөтүп келет. Фонддун негизги миссиясы — онкологиялык оорулар менен жабыркаган балдардын дарылануусуна жана реаблитациясына татыктуу шарт түзүү.

В Бишкеке по случаю десятилетия фонда «Помогать легко» прошел форум «Образование и уход: госпитальная педагогика в Кыргызстане». Это был первый форум, на котором открыто обсуждалось положение госпитальных школ в Кыргызстане.